Гипофиз гормондорунун жетишсиздиги (Гипопитуитаризм): нейрохирургиялык операциялардан кийин комплекстүү көзөмөл жана дарылоо.

Нейрохирургиялык операциялардан кийин гипофиздин иштөөсүнүн бузулушу кылдат мамилени жана узак мөөнөттүү медициналык коштоону талап кылат. Биздин борбордо диагностика заманбап стандарттар боюнча жүргүзүлөт, ал эми дарылоо жашка, операциянын түрүнө жана кошумча оорулардын болушуна жараша индивидуалдуу тандалат.

Терапиянын максаты — гормондордун балансын калыбына келтирүү, мүмкүн болгон татаалдашуулардын алдын алуу жана бейтаптын абалынын узак мөөнөттүү туруктуулугун камсыз кылуу.
Кантсыз диабет — бул организмдин сууну кармап туруудагы жөндөмү бузулган абал. Анын себеби суунун балансын жөнгө салуучу вазопрессин гормонунун жетишсиздигине же анын эффективдүүлүгүнүн төмөндөшүнө байланыштуу. Натыйжада бөйрөктөр ашыкча көлөмдө суюктук чыгарат, бул күчтүү чаңкоого жана тез-тез заара кылууга алып келет.

Кантсыз диабет ар кандай курактагы адамдарда кездешет жана себебин так аныктоо үчүн кылдат текшерүү талап кылынат — гипофиздин ишинин бузулушу, бөйрөктөрдүн жабыркашы же башка эндокриндик факторлор себеп болушу мүмкүн.

Белгилери:
  • күчтүү жана туруктуу чаңкоо;
  • тез-тез жана көп көлөмдө заара чыгаруу;
  • тери менен былжыр челдин кургашы;
  • бат чарчоо;
  • тамактануу бузулбастан арыктоо;
  • түнкүсүн заара кылуу позивдеринин күчөшү.
Бул көйгөй менен дарыгерлер алектенет